Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. 2024-жылдын октябрь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 272 млн долларды түзгөн.
Улуттук банктан билдиришкендей, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн – $ 256,7 млн келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 15,3 млн доллар которулган.
2024-жылдын октябрь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү 39,7 млн долларды түздү. Анын 32 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 7,6 млн доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий