• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бир күндө 15 мас айдоочу кармалды. Ысык-Көлдө "Рулда" аталышындагы рейд өттү

Укук тартиби 0


Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда "Рулда" аталыштагы рейддин жүрүшүндө бир күндө 15 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде 20 автоунаа айып короо жайына киргизилди.

Анын ичинен :

  • тийиштүү документтери жок унаа башкарган 4 айдоочу;
  • терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 1 айдоочу.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын атайын ротасы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында рейддик иш-чараларды айдын аягына чейин улантат.

Пикир

Оставить комментарий