Бирдиктүү порталдын функционалдык мүмкүнчүлүктѳрү тууралуу окутуучу видеороликтер даярдалды

Коом 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Бирдиктүү порталдын ишин илгерлетүү жана анын эффективдүүлүгүн камсыздоо алкагында «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү Программасы 2-Фаза» Европа биримдигинин долбоорунун финансылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Бирдиктүү порталдын функционалдык мүмкүнчүлүктѳрү тууралуу окутуучу видеороликтер даярдалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган роликтерде Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун жана колдонуучунун мүмкүнчүлүктөрү белгиленет.

Бирдиктүү порталдын иштеп чыгуучулары болуп түздөн-түз ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана илгерлетүү менен алектенген мамлекеттик органдардын кызматчылары саналат.

Алсак, Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучу бир катар төмөнкү мүмкүнчүлүктөргѳ ээ: Бирдиктүү порталдын интерфейси менен колдонуу, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жүктѳѳ, комментарийлерге, жарандардын даттанууларына жооп берүү, ошондой эле конкреттүү ченемдик укуктук актынын долбоору жөнүндө актуалдаштырылган маалыматты киргизүү.

Бирдиктүү порталдын пайдалануучулары болуп, Бирдиктүү порталда каттоо жол-жобосунан өткөн жарандар саналат.

Ошондой эле, Бирдиктүү порталдын колдонуучусу төмөнкү бир катар мүмкүндүктөргө ээ: Бирдиктүү порталдын интерфейси менен колдонуу, ченемдик укуктук актынын долбоорлоруна комментарийлерди калтыруу, мамлекеттик органдарга сунуштарды жана даттанууларды калтыруу, кызыктырган мыйзам категориясына жазылуу ж. б.

Пикир

Оставить комментарий