• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте өзгөчө абал: Медиктер үйүнөн ишке, кайра үйүнө жеткирилип турат – министрлик

Коом 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлерин ташуу боюнча план иштеп чыкты. Алар үйүнөн ишке, кайра үйүнө жеткирилип турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, азыр коменданттык сааттын убагында тартипти камсыздоочу штаб менен транспорт үчүн атайын уруксат кагазын алуу боюнча суроолор чечилип жатат.

“Азыркы убакта медицина кызматкерлеринин тизмеси даярдалууда. Ошондой эле мэрия эпидемиологияга каршы иш-чараларды жүргүзүүгө 19 транспорт каражатын бөлүүгө даяр экендигин билдирди. Бүгүн медицина кызматкерлеринин тизмесине карата жана транспорт үчүн атайын уруксат кагаздарын күтөбүз”,- деп айтты ал.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-мартта, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталганы айтылган. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий