• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Кыргызстанда II Бишкек эл аралык кинофестивалы расмий ачылды

Маданият 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Күн мурун Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында II Бишкек эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана атайын чакырылган меймандар “Асман килеминен” өтүп, андан соң расмий бөлүк башталды.

Эдил Байсалов кино тармагынын өкүлдөрүн, кино сүйүүчүлөрдү II Бишкек эл аралык кинофестиваль менен чын жүрөктөн куттуктап, “Кара Кыргыз автономиялуу облусунун негизделишинин 100 жылдыгына арналып уюштурулган фестиваль - кино тарыхыбызда өтө маанилүү маданий майрам катары өз ордун алып, мамлекетибиздин тарыхы, маданияты жана адамзаттык баалуулуктары боюнча маалымдуулукту арттырат деп чын дилимден ишенем”-деди ал. Ошондой эле фестивалды өткөрүүгө өз салымын кошкон бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип,чыгармачылык эргүү жана ийгилик каалап өттү.

Тимурлан Ажымалиев өз сөзүндө, кино - биздин курчап турган дүйнөгө болгон көз карашыбызды калыптандырып, маанилүү социалдык жана маданий окуяларга көңүл бурдура алган күчкө ээ экенин белгилеп, мындан ары ондогон “кереметтерди” жараткан кыргыз киносу уюткулуу кыргыздын баалуулуктарын жана кыялдарын чагылдырууну, коомубузду өнүктүрүүнү жана тарбиялоону улантат деген ишенимин билдирди. Ошондой эле ал катышуучуларга кыргыз кинематографиясынын өнүгүшү үчүн фестивалдын алкагында коюла турчу тасмаларды келип көрүүгө, ой-пикир жана сунуштарды айтууга үндөдү.

Көрүүчүлөргө Бишкек эл аралык кинофестивалы жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунун негизделишинин тууралуу тасма көрсөтүлүп, фестивалдын калыстар тобунун курамы тааныштырылып, эл аралык жана улуттук сынактарга катыша турган тасмалар тууралуу айтылып, иш- чара концерттик программа менен коштолду.

Бишкек эл аралык кинофестивалы президент Садыр Жапаровдун “КР Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана кинематографияны мамлекеттик колдоо тутумун андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында 2024-жылдан тартып жыл сайын салт катары июнь айында өткөрүлмөкчү.

Фестиваль биринчи жолу 2023-жылдын 17-21-ноябрында өтүп, Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган. Анын алкагында түрк киносунун жумалыгы, Айтматов илимий-практикалык форуму, Борбор Азия тасмаларынын бет ачары, эл аралык жана улуттук көркөм фильмдердин сынактары сыяктуу бир катар маданий иш-чаралар өткөн.

Бул жолу кинофестиваль Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулууда.

Маданий иш-чарага катышуу үчүн 26 өлкөдөн 70тен ашык конок жана 200гө жакын кинорежиссер келди. Анын алкагында 30дан ашык тасма көрсөтүлүп, 6га жакын мастер-класстар жана байге фонду менен питчинг болот.

Пикир

Оставить комментарий