• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 10 млн сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 10 млн сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 11-июлуна карата бул 73 субъектке 9,81 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилди.

Белгиленгендей, газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүнү мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2" долбоорун ишке ашырып жатат.

Насыялар "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААК тарабынан берилүүдө. Кредиттөөнүн көлөмү 1 млрд сом суммасын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий