Бишкек, 22.12.17. /Кабар/. Республиканын айрым аймактарында газ жок болот,-деп кабарлашты “Газпром Кыргызстан” ишканасынан.
- Ага ылайык газ берүү төмөнкү даректерде жок болот.
- 22-декабрда Жалал-Абад шаарынын Кутманов көчөсүндө, Ош шаарынын Муса Жалил көчөсүндө, Майлуу-Суу шаарынын Заводская көчөсүндө;
- 25-26-декабрда Бишкек шаарынын Горький, Фатьянов, Медеров, Абай көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында.
“Газпром Кыргызстан” ишканасынан кабарлашкандай, оңдоо иштери калкты жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жүргүзүлүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий