• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучулар үчүн кыргыз тараптан чектөө коюлган эмес – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, саат 18:00гө карата кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" бекетинде 138ге жакын жүк ташуучу унаа, "Кең-Булуңда" 22 унаа, "Чалдыбарда" 18 унаа токтоп турат. Жогоруда аталган өткөрүү бекеттеринде унаалардын топтолушу жүк жүгүртүүнүн көбөйүп жаткан мезгилинде байкалат.

Мамлекеттик чек ара кызматы жүк ташуучулар үчүн чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө кыргыз тараптан чектөө коюлбаганын белгилейт.

Кыргыз-казак чек арасынын башка өткөрүү бекеттеринде унаалардын токтоп турганы катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий