• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкек мэри 9-кичи райондун тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Бишкекте мэр Айбек Жунушалиев 9-кичи райондун тургундары менен жолугуп, кайрылууларды жеринде укту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар тургундары тротуарлар, ирригация, балдар аянтчалары, таштанды чыгаруу сыяктуу көйгөйлөр тууралуу айтып беришти.

Бардык тиешелүү кызматтарга бул маселелер боюнча чара көрүү үчүн эң кыска мөөнөттөр берилди.

Тургундар ошондой эле конуштагы кээ бир үйлөрдө муздак суунун басымы төмөн экенин айтышты. Мэр “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасына жеринде барып көрүп, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Өз кезегинде 9-кичирайондун жашоочулары ыраазычылык билдирип, маселелердин тез арада чечилишине тилектештигин билдиришти.

Жолугушуудан кийин Айбек Жунушалиев кызматтардын өкүлдөрү менен районду кыдырып, бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий