• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкек мэри: Башкы максатыбыз – кирешени көбөйтүү жана шаардын көйгөйлүү маселелерин чечүү

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарылган иштер жөнүндө айтып берди.

Бишкек шаары Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошуп, ички дүң продукциянын 40%ын камсыз кылып келет. Ушуга байланыштуу бул жылга кирешелерди чогултуу боюнча чоң план коюлду.

“2024-жылга биздин башкы максатыбыз – кирешени көбөйтүү жана шаардын көйгөйлүү маселелерин чечүү. Буга байланыштуу бул жылы кирешелерди чогултуу боюнча чоң план бар. 2024-жылдын бюджетинин консолидацияланган киреше бөлүгү, аймактык айылдарды эске алуу менен 2024-жылы 32,5 млрд сом киреше түшүүсү күтүлүүдө, ал 2023-жылга салыштырмалуу 10,6 млрд сомго көп.

Аткаруу боюнча 2024-жылдын 1-июнуна карата кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 7,2 млрд сомду түздү. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу иш жүзүндө түшүүлөр 23,4 пайызга жогорулады, башкача айтканда 1,4 млрд сомго көбүрөөк түштү”-деди А.Джунушалиев.

Ошондой эле калаа башчысы салыктык эмес кирешелерди 50% га көбөйтүү пландалып жатканын кошумчалады.

“Биз бул милдетти реалдуу деп эсептейбиз. Салыктык эмес кирешелер боюнча чоң потенциал бар экенин көрсөткөн көптөгөн мисалдар бар. Мисал катары кээ бир фактыларды келтире кетейин. Мурда кичи базардын иштеши үчүн пайдаланылган муниципалдык участоктордун бири, болгону 431 миң сомго ижарага берилген, атайын комиссия барып, аз төлөм жүргүзүлүп жаткандыгын аныктап, ижара акысы 1,3 миллион сомго чейин көтөрүлдү. Дагы бир мисал, соода күркөлөр үчүн пайдаланылган участок мурда жергиликтүү бюджетке болгону 24 миң сом ижара кирешесин алып келген, жүргүзүлгөн иштерден кийин ижара акысы 1 млн сомго чейин көтөрүлдү. Мындай мисалдар көп”, - деп белгиледи калаа башчысы.

Пикир

Оставить комментарий