• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкек мэри Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Бишкек мэриясында калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча инфраструктуралык программасынын менеджери Антонио Нуньес менен жолукту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар коомдук транспорт, жол кыймылын башкаруу, абанын сапаты жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жаңы технологияларды ишке киргизүү, институттук потенциалды жакшыртуу маселеси да козголду.

Бишкек мэри биринчи кезекте чечүүнү талап кылган приоритеттүү маселелерди белгилеп, кызматташууга ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий