Каш-Көмүрдө сел агызып кеткен унаа көпүрөгө кептелип калган

Кырсык 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында катуу жааган жаан Таш-Көмүр – Майлуу-Суу унаа жолунун болжол менен 5-чакырымында Балапан-Сай сел өтүүчү сайында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү жеңил унаа агып, көпүрөгө кептелип калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар жеткенге чейин трактор жеңил унааны чыгара баштаган. Куткаруучулар унааны чыгарууга жардам беришкен.

Жабыркагандар жок. 11 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий