• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Араван каналына чөгүп кеткен экинчи баланын сөөгү табылды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Ош шаарындагы Араван каналына чөгүп кеткен экинчи баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сууга чөгүп кеткен баланын сөөгү саат 09:35те куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Белгилей кетсек, кечээ, 20-августта Ош шаарынын Туран кичи районундагы Күрөңкеев жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Араван каналына 9 жана 8 жаштагы эки бала чөгүп кеткен.

Бүгүн издөө иш-чараларын натыйжасында саат 07:30 чамасында 9 жашар баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий