Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жолугушуу учурунда тараптар Бишкектеги Жаштар аллеясына "Кыргыз-Казак достугунун алтын көпүрөсү" эстелигин орнотуу жана шаарлар аралык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү маселесин талкуулашты.
Маалымдама: азыркы учурда Бишкек шаары Казакстандын Алматы жана Астана шаарлары менен боордош шаарлардан.
Пикир
Оставить комментарий