• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда “Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанамын” аттуу мектептер аралык сынак өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанамын” аттуу мектептер аралык сынак өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка шаардагы мектептерден 7 жаштан 16 жашка чейинки 200дөй окуучу катышты. Анда окуучулар ыр, бий жана музыкалык аспаптарда ойноо боюнча күч сынашты.

"Шаардык этаптан өткөн окуучулар облустук сынакка катышат. Ал эми облустук турда жеңүүчү болгон окуучулар Билим берүү жана илим министрлигинин "Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборуна жолдомо алышмакчы", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий