• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министрлиги мамлекеттик кызмат орундарына ачык сынак жарыялады. Шарттары

Билим 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында ачык сынак жарыялады.

Ведомствонун маалыматына караганда, сынак 11-мартта баштып, 28-мартка чейин уланат.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

- жеке арызы;
- өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
- резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);
- нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- паспорттун көчүрмөсү;
- соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты.

Талапкерлерге коюлган талаптар жөнүндө кененирээк маалымат - https://edu.gov.kg/announcements/210/

Пикир

Оставить комментарий