• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэри Коомдук дипломатия жана ШКУнун боордош шаарларынын форумдарына катышты

Коом 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров Кытайдын Циндао шаарында өтүп жаткан Коомдук дипломатия жана ШКУнун боордош шаарларынын форумдарына катышты.

Форумдун жүрүшүндө мэр сөз сүйлөп, анда мындай иш-чаралар Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында практикалык кызматташууну активдештирүүгө, анын потенциалын жана эл аралык беделин жогорулатууга түрткү берип жатканын белгиледи.

"Бишкек шаарында Кытай өкмөтүнүн грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Быйыл биз долбоордун үчүнчү фазасын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштадык. Бул этаптын алкагында бир нече ири транспорттук түйүндөрдү куруу пландалууда", - деди мэр.

Ошондой эле, форумдардын алкагында параллелдүү форумдар өткөрүлдү, аларга борбор калаанын муниципалитетинин делегациясынын мүчөлөрү ар түрдүү багыттар боюнча катышты.

Пикир

Оставить комментарий