• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги сейил бактарда соода кылуу үчүн орундар ижарага берилет. Тизме

Коом 0

Бишкек, 15.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы соода кылуу үчүн орундар ижарага бериле турган сейил бактардын тизмесин жарыялады.

- Ашыралы Боталиев атындагы сейил бак – Манас проспектиси жана Боталиев көчөсүнүн кесилишинде;
- Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бак – Түлөбердиев жана Көкчетай көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Жаштар сейил багы - Ала-Арча, Ганди, Күрөңкеев көчөлөрүнүн жана Жибек Жолу проспектиси кесилишкен аймакта;
- Юлиус Фучик атындагы сейил багы —Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Кайың багы – 6-кичирайону;
- Жаңгак багы– 6-кичирайону;
- Каражыгач токою.

Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинен жогорудагы сейил бактарда төмөнкүлөргө уруксат алууга болот:

  • балмуздак, суусундук, жүгөрү, таттуу вата, попкорн, балдар оюнчуктарын сатууга;
  • велосипед, самокат, балдар паравозу, балдар үчүн машиналарды ижарага берүүгө;
  • кубат өлчөгүч, балдар батуту, балдар аянтчасы, балдар кыдыруучу аттракциондорду орнотууга.

Ижарага берүүгө арыздар 09:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Чокморов көчөсү, 246, 24 кабинет.

Бардык суроолор жана толук маалымат үчүн 0312 45 41 07 телефонуна кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий