• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек мэри шаардыктарды ишембиликке тартуу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров район башчыларына шаардыктарды ишембиликке тартуу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ошондой эле мэр акимдерге мамлекеттик тилдеги бардык жарнамалык көрнөктөрдү иретке келтирүүнү тапшырып, алардын грамматикалык жана стилистикалык каталарын жоюу зарылдыгын айтты.

Калаа башчысы мындан тышкары, орун басарлары Нурдан Орунтаевге муниципалдык менчикти ижарага алуучулар менен ижара келишиминин болушу боюнча иш алып баруу, Мирланбек Байгончоковго унаа токтотуучу жайлар боюнча толук анализ жүргүзүүнү тапшырды.

Ал эми Шаарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигине электр кубаттоочу жайлар жана унаа токтотуучу жайлар боюнча сунуш киргизүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий