• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда эко-күнөскананы каржылоочу “IP Sharing” аталышындагы кореялык долбоор ишке киргизилди

Коом 0

Бишкек, 19.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-июнунда “IP Sharing” аталышындагы жаңы Корея долбоорун ишке киргизүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, онлайн форматта уюштурулган иш-чарага Кореянын интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун (KIPO), ойлоп табууларды илгерилетүү боюнча Корея ассоциациясынын (KIPA), КОПИА Кыргыз борборунун, брендинг боюнча BrandAcumen кореялык компаниясынын, Shinhan A-TEC Co. Ltd. техникалык компаниясынын, Кыргызпатенттин жана Инновациялык агрардык технологиялар борборунун өкүлдөрү катышты.

KIPA “IP Sharing” алкагында техника илимдеринин кандидаты, ойлоп табуучу, Инновациялык агрардык технологиялар борборунун директору, “Мыкты инновациялык долбоор – 2016” сынагынын жеңүүчүсү Рыскул Касымбековдун “Энергияны үнөмдөөчү эко-күнөскана” долбоорунун ишке ашырылуусун каржылайт.

Долбоордун максаты – энергияны үнөмдөөчү эко күнөскананы куруу, анын технологиясын фермерлер арасында таратуу. Долбоор азыркы учурда иштеп жаткан күнөсканалардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин талдоонун негизинде иштелип чыккан жана тиешелүү брендди иштеп чыгуу маселесин көтөрөт.

Расмий жолугушууда Кыргызпатенттин директору Динара Молдошева катышуучуларды Кыргызстанда “IP Sharing” долбоорунун ишке киргизилиши менен куттуктап, Кыргызпатент аталган долбоорду ишке ашырууга ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин, жемиштүү өз ара кызматташтык менен долбоордун ийгиликтүү ишке ашышына тилектештигин билдирди.

KIPA өкүлдөрү аталган долбоорду ишке ашыруу этаптары жана күтүлүүчү натыйжалар тууралуу маалымат беришти.

Мындан сырткары, тараптар агро-чарба өнөр жайы жаатында долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичиннен күнөскана чарбасын өнүктүрүүнүн келечеги боюнча маселелерди талкуулашты.

Маалымат иретинде: 2019-жылы Кыргызпатент Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердикти шыктандыруучу орган катарында Корея тарапка «IP Sharing» долбооруна катышууга мыкты долбоорлорду сунуштаган. Натыйжада KIPA Рыскул Касымбековдун “Энергияны үнөмдөөчү эко-күнөскана” долбоорун тандап алган.

Пикир

Оставить комментарий