• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкек мэриясы абоненттердин коммуналдык төлөмдөрүн кайра эсептеп чыгууга даяр

Коом 0

Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы эгерде бир үйдө же батирде чындап жашагандардын саны өзгөрсө, абоненттердин коммуналдык төлөмдөрүн кайра эсептеп чыгууга даяр.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул үчүн жарандар коммуналдык кызмат көрсөтүүчү уюмдарга барып, иш жүзүндө жашаган адамдардын саны жөнүндө маалыматтарды бериши керек.

Өз кезегинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү уюмдар жарандардан иш жүзүндө жашаган адамдардын саны жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды алгандан кийин башка уюмдарга маалыматтарды жөнөтүшөт.

Бишкек мэриясы шаардык кеңештин жобосуна ылайык, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр үйдө же батирде иш жүзүндө жашаган адамдардын санына жараша алынарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий