• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкек мэриясы Башкы прокуратуранын мурдагы имаратын бузууга тендер жарыялады

Коом 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы эки имаратты бузууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, алардын бири Орозбеков көчөсү №72 дарегинде жайгашкан Башкы прокуратураынын мурдагы имараты жана Жибек-Жолу көчөсү №286 дарегиндеги ден соолукту чындоо комплексинин имараты.

Пландалган сумма 11 млн 814 миң 372 сом. Башкача айтканда, Башкы прокуратуранын имаратын бузууга - 7 млн 672 миң 989 сом, ал эми ден соолукту чыңдоо комплексинин имаратын бузууга - 4 млн 141 миң 383 сом каралган.

Сынакка арыз берүүнүн мөөнөтү 7-июлга чейин.

Пикир

Оставить комментарий