• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Эс алып отуруп калбай, ишибизди улантып жатабыз - медицина кызматынын капитаны

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык сыйлыктар - "Даңк" медалы, ардак грамоталары менен 90 киши сыйланган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын бейтапканасынын начальниги, медицина кызматынын капитаны Султан Жаманов "Даңк" медалын алган. Ал өзүнүн иши жана сыйлыгы тууралуу айтып берди.

- Медицина тармагында иштеп жатканыңызга канча жыл болду?

- Төрт жылдан бери иштеп келем. Суворов окуу жайында окуп, кийин аскерге бардым. Андан кийин Санкт-Петербургдагы аскердик-медициналык академияга тапшардым. Ал жакта тогуз жыл окудум. Окууну аяктагандан кийин иштеп баштадым. Азыркы кызматымда экинчи жыл иштеп жатам. Ага чейин хирург болуп иштегем.

- Пандемия башталгандан кийин кандай кыйынчылыктар болду?

- Башында мындай нерсеге даярдыктын жоктугу сезелип турду. Жеке коргонуучу каражаттар жана дары-дармектер жетпей жатты. Андан кийин баары билгендей оору күч алды. Шашылыш түрдө стационар ачууга туура келди. Ошол эле күнү аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн дарыгерлердин көчмө тобун түздүк. Ошондой эле кычкылтек концентраторлорунун жетишпестиги боюнча жана уюштуруучулук иштерде кыйынчылыктар болду.

- Азыр абал кандай?

- Азыр абал мурдагыдан жакшырып, бейтаптар жок. Бир жума мурун поликлиника менен стационардагы акыркы бейтап айыгып чыкты. Азыр болгону үй карантининдеги бейтаптар бар. Кадимки таптипте иштеп жатабыз. Бардык күчтү экинчи толкунга жумшап жатабыз: дары-дармектердин запасы, концентраторлор даярдалууда. Биз эс алып отуруп калбай, ишибизди улантып жатабыз.

- Бул сиздин биринчи сыйлыгыңызбы?

- Өкмөттүк биринчи сыйлык. Буга чейин кызмат боюнча грамоталарды алгам. Чек ара кызматынын мыкты кызматкери болгом.

Фото - Sputnik

Пикир

Оставить комментарий