• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкек мэриясында көп орундуу автобустарды жеткирүү боюнча меморандумга кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында Түркияда чыгарылган көп орундуу автобустарды жеткирүү боюнча меморандумга кол коюу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, меморандумга мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы менен «Грин Бас» ЖЧКсы кол коюшту.

Жалпысынан 2021-2022-жылдары Бишкекке 300-350 автобус жеткирүү пландалууда.

10-12 метрлик экологиялык жактан ыңгайлуу автобустардын биринчи партиясы ноябрдын аягына чейин борборго жеткирилет.

Транспорт эл аралык стандарттарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө, бардык талаптарга толук жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий