• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте тик учак кырсыгынан каза болгон аскердин сөөгү жерге берилди

Коом 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Бишкектеги Достук кичирайонуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында тик учак кырсыгынан каза болгон экипаждын командири, 30 жаштагы капитан Жайыл Самудиновдун сөөгү жерге берилди.

Учкуч менен коштошуу зыйнаты бүгүн Ак-Өргө конушунда өтүп, ага Коргоо министрлигинин өкүлдөрү, кесиптештери, туугандары жана достору катышты.

Жайыл Самудинов 1994-жылы Бишкекте туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу болгон. Жакындарынын айтымына караганда, ал быйыл жазында үйлөнүүну пландап жүргөн.

Ал Россиянын Сызрань шаарындагы жогорку аскердик авиациялык академияны бүтүргөн. Соңку кезде Коргоо министрлигинин Башкы штабында кызмат өтөп жүргөн.

Эске сала кетсек, кырчындай жаш учкучтун өмүрүн алган тик учак кырсыгы Бишкектин батыш тарабында 17-январда катталды. Коргоо министрлиги тараткан расмий маалыматта бортто 11 киши болгондугу кабарланды. Жабыркаган 10 адам учурда Бишкектеги ооруканаларда дарыланууда.

Кырсык боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ага байланыштуу Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн айрым кызмат адамдары убактылуу иштен бошотулду. Мындай чара тергөө иштерин объективдүү жүргүзүү максатында кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий