• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек мэриясы "Мектепке чейинки мекемелерди куруу" долбоорун ишке ашыруу үчүн өнөктөштөрдү чакырат

Коом 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы амлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми боюнча "Мектепке чейинки мекемелерди куруу" долбоорун ишке ашыруу үчүн өнөктөштөрдү чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, МЖӨ долбоорунун алкагында мектепке чейинки балдар мекемелерин долбоорлоо жана куруу үчүн жер тилкелери аныкталган.

"Долбоор мектепке чейинки билим берүүнүн сапаттуу заманбап кызматтарын көрсөтүү менен жаңы бала бакчаларды түзүүнү болжолдойт. Мектепке чейинки балдар мекемелеринин курулушу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин стандарттуу кызматтарын гана сунуштабастан, эрте өнүктүрүү, мектепке даярдоо жана башкалар боюнча кызматтарды да ишке ашырат. Жеке өнөктөш менен түзүлгөн келишим аяктагандан кийин бала бакчалар Бишкек шаарынын мэриясынын балансына кайтарылып берилет", - деп айтылат маалыматта.

Долбоордун негизги максаттары Бишкек шаарынын балдарын мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги орундар менен камсыз кылуу, мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө сапаттуу кызматтарды көрсөтүү болуп саналат.

Кошумча маалымат үчүн телефондор: 0312660946,0312660829, e-mail: dei@meria.kg. Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин дареги: Бишкек ш., көч. Жибек Жолу 328.

Пикир

Оставить комментарий