• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкек мэриясы шаар тургундарын ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырды

Коом 0

Бишкек, 02.12.23./Кабар/. Бишкек мэриясы шаар тургундарын ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

Муниципалитет ошондой эле суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтары үчүн өз убагында акы төлөөнүн маанилүүлүгүн эскертет.

"Суу менен камсыздоону үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн белгиленген мөөнөттөрдө төлөмдөрдү жүргүзүүнү суранабыз.

Сууну керектөөнү натыйжалуу эсепке алуу үчүн ай сайын 20-күндөн кийин сууну эсептөө приборлорунун көрсөткүчтөрүн берүү зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, "Бишкексууканал" ӨЭБсына карызы барларга карызды төлөө зарылдыгын эскертет. Бир жылдан ашык карызы бар абоненттер карызды чогултуу үчүн сотко берилиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий