• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкек мэриясы таштандыны кайсы убакта чыгаруу керектигин айтты

Коом 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Бишкек мэриясы шаар тургундарын таштандыны кечки саат жетиден түнкү он экиге чейин алып чыгуу керектигин эскертти.

Муниципалитеттен белгилешкендей, шаарда таштанды контейнерлери түн ортосунан тарта таңкы саат 5-6га чейин бошотулат.

“Көп адамдар таштандыны эртең менен жумушка баратканда же күнү бою алып чыгышат. Анан кечинде таштанды контейнерлери толуп, таштандылар жолго төгүлө баштайт. Мындан улам шаар тургундарын таштандыларды кечинде гана алып чыгууну суранабыз”, - деди мэр Айбек Жунушалиев.

Ошондой эле калаа мэри мындай иштер “Тазалык” ишканасынын жумушчулары таштанды контейнерлерин бошотуп тазалашкандан кийин күндүз таштанды ашыкча толтурулбай, тазалыкты сактоого шарт түзөрүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий