Бишкек мэриясынан борбор калаага дагы канча автобус алуу пландалганын айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынан борбор калаага дагы канча автобус алуу пландалганын айтып беришти

Муниципалитеттен билдиришкендей, 2023-жылга республикалык бюджеттен 1 миң автобус сатып алуу пландалган. Келишимдин шарты боюнча алгачкы 500 даана автобус ушул жылдын 4-кварталына күтүлүүдө. Калган 500 бирдикти 2024-жылдын 1-кварталында алып келүү күтүлүүдө. Көрсөтүлгөн автобустардын 350гө жакыны келип, линияга чыгып, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иштер жүрүүдө.

Мындан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы аркылуу жеңилдетилген кредит жана грант бөлүү пландаштырылууда. Анын негизинде кубаттоочу түзүлүштөрү бар 100-120дан кем эмес заманбап энергияны үнөмдөөчү электр автобустарын сатып алуу каралып жатат.

Ошондой эле Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу газ кыймылдаткычы менен жүрүчүү 100-130 ка жакын автобустарды (узундугу 10,5 метр) сатып алуу пландаштырууда.

Эскерте кетсек, 2022-жылга жергиликтүү бюджеттен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн ыңгайлуу, заманбап дизайндагы жана экологиялык жактан таза күйүүчү май менен жүргөн 120 даана жаңы автобустар сатылып алынган. Учурда аталган 120 автобус линияга чыгып, жарандардын муктаждыктарын канааттандырып, штаттык режимде иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий