• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Кыргызстан криминалдарсыз инвесторлор үчүн бейишке айланат

Өкмөт 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Кыргызстан чет элдик инвесторлор, жөнөкөй жарандар жана ишкерлер үчүн бейиштин төрүндөй болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Facebook`тагы баракчасына жазды.

"Чет өлкөдөн келген инвесторлор, карапайым калкыбыз, жөнөкөй бизнесмендерибиз үчүн Кыргызстан бейиштин төрүндөй эле болот. Демократия, сөз эркидиги мындан да өркүндөйт. Мындан ары криминал деген түшүнүк болбойт. Ар бир айылдагы мен «чёрныймын» дегендерди эл өзүңөр жана жергиликтүү милиция жогорку бийликке жеткирип турсаңар болду. Калганы биздин ишибиз", - деп жазды министрлр кабинетинин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий