Бишкек мэринин орун басары Санкт-Петербург шаарынан келген делегация менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Бишкек мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков Санкт-Петербург шаарынын Маалыматташтыруу жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Кузьмин жетектеген өкмөттүк делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой эле мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Гүлназ Халилова, "Санариптик технологиялар борбору" МИсинин директору Марс Сыдыков жана башкалар катышты.

Күн тартибинде санариптештирүү жаатында Бишкек жана Санкт-Петербург шаарларынын өнөктөштүгүн активдештирүү маселеси каралды.

Мирланбек Байгончоков Санкт-Петербург шаары менен кызматташуунун маанилүүлүгүн жана тажрыйба, методологияны үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Делегациянын катышуучулары Санкт-Петербургдагы баңгизаттардын абалына мониторинг жүргүзүү системасын жана «Коопсуз шаар» аппараттык-программалык комплексин көрсөтүштү.

Ошондой эле Бишкек шаарында "Антинар" долбоорун пилоттук режимде ишке ашыруу сунушу айтылды.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте санариптештирүүнүн башка багыттарын жана мэриянын ишмердүүлүгүн камтыган долбоорду ишке ашыруу маселесин кароо чечими кабыл алынды.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.

Пикир

Оставить комментарий