• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы мыйзамсыз курулуштар демонтаждалууда

Аймак 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Бүгүн Кемин районунда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда мыйзамсыз курулган бир катар объектилер демонтаждалууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, бул иштер автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге объектилерди мыйзамсыз жайгаштыруунун алдын алуу жана бөгөт коюунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгы, Транспорт министрлигинин, Башкы прокуратуранын, Мамкурулуштун, Энергетика министрлигинин, Кыргызтелекомдун жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте мамлекеттик органдардын көчмө комиссиясы уюштурулууда.

Жер-жерлерде да мыйзамдардын бузулушу каралып, фактылар аныкталды. 6-ноябрда Кемин районунда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда мыйзамсыз курулган бир катар объектилер демонтаждалууда.

Комиссиянын буга чейинки сапарларында да Бишкек – Торугарт унаа жолундагы бөлүнгөн тилкедеги ондогон объектилер буздурулган.

Комиссия мындан ары дагы аймактарда ишин улантат.

Пикир

Оставить комментарий