Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Жолдорго өз убагында жарык бербегендиги үчүн жол тейлөө мекемесине айып салынды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Бишкек - Нарын - Торугарт ички унаа жолунун кечки абалын жеринен кароо иштери жүргүзүлүп, өз убагында жарык берүү чырактарын күйгүзбөгөндүгү үчүн № 40 жол тейлөө мекемесине укук бузуу жөнүндө протокол толтурулуп, 23 миң сомго айып салынды.
Пикир
Оставить комментарий