• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек-Ош унаа жолу толугу менен ачык

Коом 0

Бишкек, 16.01.18 /Кабар/. 2018-жылдын 16-январынын саат 14:00 карата Бишкек-Ош унаа жолу толугу менен ачык. Унаа жолдор КР ӨКМнин көзөмөлүндө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

КР Транспорт жана жолдор министрлигинин жана КР ИИМнин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тиешелүү иш чараларын жүргүзүшүүдө. Аба ырайы боюнча: Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында туман жана Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде кар себелеп жатат. Республиканын калган аймактарында күн бүркөк. Бишкек-Ош унаа жолундагы абал тууралуу ӨКМ ар бир 2,5 саат сайын маалымат берет

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону белгилейт:

- ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба-ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көнүл буруу;

- тоолуу унаа жолдорунда унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл;

- кышкы дөңгөлөктөр;

- күрөкчө, чынжырча, аптечка болуусу зарыл.

Өзгөчө кырдаалдарда 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Пикир

Оставить комментарий