Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун Токтогул районундагы "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 12:50дөн тарта алынды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, чектөө бүгүн, 13-ноябрда таң эрте жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында киргизилген.
Пикир
Оставить комментарий