Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Москва районунда Бишкек – Ош унаа жолунун боюндагы мыйзамсыз курулуштар буздурулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз курулуштар Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте демонтаждалды.
Белгиленгендей, шаар куруу жана архитектуралык талаптарга шайкеш келбеген объектерге мындан ары да демонтаждоо иштери жүргүзүлөт.
Пикир
Оставить комментарий