• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Кореялык компания Кыргызстанга каттам аткаруу үчүн атайын жаңы учак сатып алды

Коом 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова Кореянын "T'way" авиакомпаниясынын президенти Ёнг Хонг Гён менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө корей тарап үстүбүздөгү жылдын 11-июнунан тартып жайкы мезгилге жума сайын (жекшемби күндөрү) түз аба каттамын ачуу пландалганы тууралуу маалымат берип, компания Кыргызстанга аба каттамдарды аткаруу үчүн жаңы Boeing 737 учагын атайын сатып алганын баса белгиледи.

Маалым болгондой, учурда авиакомпания тиешелүү процедураларды бүтүрүп жатат.

Өз кезегинде элчи Исмаилова кыргыз тарап түз авиакаттам ачууга кызыкдар экенин жана ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Ал "T’way" авиакомпаниясынын жетекчилигин жакын арада түз авиакаттамдардын ачылышына карата Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.

"Кыргызстан менен Кореянын ортосунда түз авиакаттамдардын ачылышы эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүүгө түрткү берет", - деди элчи.

Пикир

Оставить комментарий