Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 29-мартынан 4-апрелине чейин Бишкек–Ош жана Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолдорунда атайылап кар көчкүлөрдү түшүрүү иши жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү республиканын бийик тоолуу райондорунда метеорологиялык курч кырдаалга байланыштуу жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун 121-138, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайынын 198-255 жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунун 1-14-чакырымдарында кар көчкү жүрүү коркунучу жаралган.
Мындай иш-чаралар жарандардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында атайын токтомдун негизинде ишке ашып келет.
ӨКМ жүргүнчүлөрдү атайылап карды түшүрүү иш-чарасын түшүнүү менен кабыл алууга чакырат. Ошондой эле алыскы жолго чыгууда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактап, дөңгөлөк чынжыры, күрөк, трос, дары-дармек, жетиштүү тамак-аш алуу сунушталат.
Кырсык катталган учурда 112 номерине чалуу керек.
Пикир
Оставить комментарий