• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан бир адам мерт кетип, 7 киши жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда саат 02:30да Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымында “Тойота Прадо” менен “Митсубиси Галант” үлгүлөрүндөгү жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен “Митсубиси Галант” унаасынан болжол менен 40-45 жаштагы А.К. аттуу эркек киши каза болуп, 4 адам (2 эркек, 2 аял), “Тойота Прадо” унаасынан 3 адам (2 эркек, 1 аял) ар кандай жаракат алышкан.

Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдар тез жардам кызматы аркылуу Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий