Бишкек, 15.06.21. /Уланбек Турдуканов - Кабар/. Бишкек шаарынын экологиясы бузулуп, абалы критикалык чекке жакындап баратканын айтып, экологдор коңгуроо кагып келет. Буга мисал катары жылытуу мезгилинде шаарды каптаган түтүн менен шаардын түндүк бөлүгүндө жайгашкан таштанды полигонунун жалпы климатка тийгизип жаткан таасирин айтсак болот.
Маалым болгондой, Бишкек шаардык таштанды полигону 15 жылдык мөөнөткө гана эксплуатацияга берилген, бирок быйыл 49 жыл болду. Бул көйгөйдү чечүү үчүн "Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу" долбооруна 2013-жылы эле кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңештин ратификациясынан өткөн. Бирок ал долбоорду ишке ашыруу иштери быйыл гана жандана баштады.
Бишкек шаардык санитардык полигонунун башчысы Адил Назаровдун айтуусуна караганда, Эстондук компаниянын подрядчылары калага наркы 7,5 млн еврону түзгөн жаңы полигон (BSWM-5) курганы жатышат.
«Эң биринчиден тамак-аш калдыктарын бөлүп чыгарышыбыз керек. Орто эсеп менен алганда күн сайын 300 тоннага жакын тамак-аштын калдыктары чыгат. Бул өтө пайдалуу органикалык жер семирткич. Жөнөкөй кыкка караганда 3-4 эсе күчтүү. Дүйнөдө органикалык айыл чарба өнүгүп келе жатат. Азыр 6,5 миллион еврого таштанды иргөөчү завод (BSWM-7) салынат деп жатабыз. Муну менен маселе чечилип калбайт. Бизге толук кандуу завод керек. Ошол 6 жарым милион еврого завод да салып койсок болот», - дейт ал.
Таштанды иргөө маданиятын жана таштандыны утилизация кылуудагы бир калыпка салынган система тууралуу кенже инженер, эколог Акжол Акжигит уулу "Кумтөр" компаниясынын мисалында айтып берди.
"Кумтөр ишканасында бир күндө жалпы көлөмү орточо эсеп менен 1 тоннага жакын тамак-аш калдыктары чыгат. 3 түр калдык пайда болот. Үй тиричилик калдыктары, өндүрүш жана зыяндуу калдыктар. Тамак-аш калдыктарын чогултуп, полигонго төгүп салуу бул абдан туура эмес. Компанияда бөлүү эрежеси киргизилген. Ашканадан тамак-аш калдыктары жана башка калдыктар бөлүнүп чыгат», - дейт Акжигит уулу.
Пикир
Оставить комментарий