• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 14 тонна тоют аныкталды

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Казакстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 14 тонна тоют аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз жүк Ветеринардык кызматтын "Ак-Тилек" чек ара көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан аныкталган.

Тактап айтканда, текшерүүдө жүктүн ветеринардык коштомо документи жок болуп, ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталган эмес.

Ошентип, инспекторлор тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, жүк "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу Казакстанга кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий