• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкек жана Чүйдү газдаштырууга 9 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 9 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Фианансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2" долбоору ишке ашырылууда. Белгиленгендей, насыялоонун көлөмү 1 млрд сомду түзөт.

"2024-жылдын 4-июлуна карата бул долбоордун алкагында республиканын 66 каржылоо субъекттерине 9,05 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген", - деп айтылат маалыматта

Эскерте кетсек, жеңилдетилген насыя "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААК тарабынан берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий