• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Бишкек шаарынан Баткенге үзгүлтүксүз аба каттамдар жанданат

Коом 0

Бишкек. 12.05.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 18-майынан тартып Бишкек – Баткен – Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ата мекендик "Тез Жет" авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү аткарат.

Белгилей кетсек, "Баткен" аэропорту үстүбүздөгү жылдын 1- апрелинен тартып аэродромду оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.

Пикир

Оставить комментарий