• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана анын башкармасы өз ишин штаттык режимде жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Учурда Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана анын башкармалыгы өз ишин штаттык режимде жүргүзүп жатат, ошондой эле долбоорлорду каржылоого өтүнмөлөрдү кабыл алууну жана кароону улантууда. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Фонддун бардык каражаттары Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө, экономиканы модернизациялоого, жаңы технологияларды тартууга жана өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө багытталган уставдык максаттарга жана милдеттерге ылайык гана пайдаланылат.

Ошол эле учурда, бүгүнкү күнгө карата Фонд жалпы суммасы 1 млн 953 миң 620 миллион долларды түзгөн үч долбоорду каржылоону жактырды.

Министрлик ошондой эле фонддун мындан аркы эффективдүү иштеши үчүн Фонддун Кеңешинин жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында жакынкы келечекке мындан аркы артыкчылыктуу милдеттер аныкталганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий