• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте санитардык тазалоо боюнча бирдиктүү оператор түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Бишкекте санитардык тазалоо боюнча бирдиктүү оператор түзүлөт. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Мэр шаардын жашоо-турмушун камсыздоонун маанилүү тармактарындагы иштердин жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында санитардык тазалоо, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана андан ары кайра иштетүү жана утилдештирүү боюнча бирдиктүү операторду түзүү боюнча инвестициялык же мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу пландалууда.

"Баасы 45 млн доллар турган долбоорду ишке ашыруу боюнча Чехиянын Re Green s.r.o компаниясы менен макулдашууга жетишилди. Бүгүн бул маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жолугушуусу болду. Демилге Акылбек Жапаров тарабынан колдоого алынды", - деп кошоумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий