• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Россия Кыргызстанга акысыз негизде 40 өрт өчүрүүчү атайын техника берди

Коом 0


Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары акысыз негизде 40 атайын өрт өчүрүүчү техника берди.

Техникаларды салтанаттуу тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Уводиченко жана РФ жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков катышты.

Эскерте кетсек, мындан мурда президент Садыр Жапаров Россия гуманитардык жардам катары 40 өрт өчүрүүчү техника жана "Ми-8" тик учагын акысыз негизде берерин маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий