• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Баткенде бажычылар радиациялык контролду ишке ашыруу жаатында билимин жогорулатты

Коом 0

Бишкек, 07.06.22. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. “Баткен” бажысынын кызматкерлери Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттарында радиациялык контролду ишке ашыруу боюнча билимдерин жогорулатышты.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, окутуу 22-майдан 26-майга чейин “Түштүк-Батыш” бажысынын базасында өткөрүлдү.

Окутуунун негизги максаты – “Баткен” бажысынын кызматкерлеринин радиациялык контрол жүргүзүү боюнча квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.

Окутуунун негизги бөлүгү “Достук” постунда практикалык машыгууларга арналды. Кызматкерлер өткөрүү пункттарында радиациялык контрол жүргүзүү маселелерин жөнгө салуучу негизги укуктук документтер менен таанышпастан, экинчи текшерүүнүн кол приборлорун пайдалануу жана практикалык колдонуу боюнча да көндүмдөрүн жогорулатышты.

Курстун аягында жыйынтыктоочу тестирлөө өткөрүлүп, анын негизинде кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий