• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү ишкананы чехиялык компания курат

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү ишкананы чехиялык ReGreen компаниясы курат. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 1-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында ReGreen компаниясынын алты кишиден турган делегациясы менен жолугушуу өттү.

"Аталган компаниянын өкүлдөрү менен кечээ мэрияда жолугушуу болсо, бүгүн Акылбек Жапаров жолугушуу өткөрдү. Учурда таштандыны кайра иштетүүчү ишкананын техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатат. Ишкананын сметалык баасы 45 млн долларды түзөт", - деди ал.

Абдыкадыров чехиялык компания таштандыны кайра иштетүү ишканасын 15 жыл иштетээрин белгилеп, бул убакытта алар салган акчасын актай аларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий