Бишкек шаарында турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-ноябрда Бишкек шаарындагы Октябрь районунун Горький көчөсү №86 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 08:32де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 09:08де Свердлов райондук №7 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий