• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте айдоочу унаасын башкара албай калып, жол четиндеги тосмону сүзгөн

Кырсык 0

Бишкек, 10.09.19 /Кабар/. Бишкектеги Манас жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн таңда жол кырсыгы катталган.

Күбөлөр кабарлашкандай, айдоочу унаасын башкара албай калып, жол четиндеги тосмону сүзгөн.

Окуянын дагы бир күбөлөрү кабарлашкандай, кырсык болжол менен таңкы саат 07:00дө болгон. "Кырсык болгон маалда жөө өтмөктө мектепке кетип жаткан окуучулар көп эле. Айдоочу мас болушу мүмкүн, анткени ал унаасынан көпкө чыкпай койду. Жерине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын кызматкерлери келгенде гана айдоочунун достору унаадан чыгуусун суранышты. Айдоочу унаасынан чыкканда бутуна араң турду”, - дейт атын атагысы келбеген күбө.

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын азырынча кырсык тууралуу расмий маалымат бере элек.

Пикир

Оставить комментарий